Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы кызмат ордуна сынак жарыялайт.

ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ:

Уюштуруу иштери жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу секторунун башчысы:

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Педагогикалык, Айыл чарба, Ветеринардык, Гуманитардык, Табигый илимдер, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:

— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
“Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”;
“Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын администрациялык-аймактык түзүлүшү тууралуу” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:
иштин артыкчылыктуу багыттарын аныктоо жана стратегиялык пландарды иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөлөрдүн проблемаларын талдоо, божомолдоо, жалпылоо, мониторинг жүргүзүү, контролдоо жана аларды чечүүгө жаңы ыкмаларды киргизүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам кабыл алуу жана алардын натыйжалары үчүн жоопкерчилик тартуу;
кызыкчылыктардын кагылышына алып келүүчү проблемалуу кырдаалдарды өз убагында көрө билүү жана чечүү;
алдыга коюлган милдеттерди чечүү максатында жаңы ыкмаларды колдонуу үчүн мүмкүнчүлүктөрдү издөө;
өз ишин жана түзүмдүк бөлүмчөнүн ишин натыйжалуу пландаштыруу;
ведомстволор аралык өз ара аракеттенүү;
чыр-чатактуу кырдаалдарды жөнгө салуу;

— Көндүмдөрү:
аналитикалык жана стратегиялык документтерди иштеп чыгуу;
түзүмдүк бөлүмчөнү башкаруу (баш ийген кызматкерлердин ортосунда тапшырмаларды жана милдеттерди туура бөлүштүрүү, мамлекеттик органдын жетекчилигинин стратегиялык максаттарын жана көз караштарын өзүнө баш ийген кызматкерлерге сапаттуу жеткирүү, башкаруучулук чечимдерди ыкчам даярдоо, кабыл алуу жана жүзөгө ашыруу, иштин жаңы формаларын жана методдорун издөө);
маалыматты талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
ченемдик укуктук актылар менен иш алып баруу жана аларды тажрыйбада колдоно билүү;
натыйжалуу өз ара мамилелерди түзүү, иштиктүү этикеттин ыкмаларын, кеңешмелерди, жолугушууларды өткөрүүнүн ыкмаларын билүү, элдин алдында сүйлөө, мамлекеттик жана расмий тилдерде ишкердик кат алышуу;
компьютердик жана уюштуруу техниканы, керектүү программалык продуктуларды колдоно билүү.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек тажрыйбасын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий илимий наам берилгендигин жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан, же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тарта 10 (он) жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо рай., Казарман а., Тоголок Молдо көч. №53. Байланыш телефону (03738) 50005, 0777729290

Добавить комментарий