Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарынын жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 2-февралындагы ПЖ N 24 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын мамлекеттик жарандык кызматынын жана муниципалдык кызматынын кадрлар резервин түзүү жана иштөөсү жөнүндө» Жарлыгына ылайык, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы улук административдик мамлекеттик кызмат орундарынын жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарынын кадрлар резервин түзүү үчүн ачык конкурс жарыялайт.

Кадрлар резерви -мамлекеттик жарандык кызматтын кенже, улук жана башкы административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервдердин) тобу.

Кадрлар резервин түзүүнүн максаты — административдик мамлекеттик кызмат орундарына квалификациялуу кадрларды тартуу болуп саналат.

Кадрлар резервине Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:

— конкурска катышуучулардын документтерин мамлекеттик жарандык кызматчыларга коюлган талаптарга ылайык келишин кароо;

— талапкерлерди мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда компьютердик тестирлөө;

— аңгемелешүү.

Кадрлар резервине төмөнкү адамдардын ичинен тандоо жүргүзүлөт:

– квалификациялык талаптарга шайкеш келген Кыргыз Республикасынын  жарандарынын.

Иш стажына карата квалификациялык талаптар:

1) административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:

— жогорку билим;

— иш стажына талаптар коюлбайт;

2) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:

— жогорку билим;

— жалпысынан бир жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Конкурска катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

— өзүнүн арызы;

— резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен);

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү;

— нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);

— илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү;

— паспорттун көчүрмөсү.

Документтерди тапшыруу мөөнөтү:

2022-жылдын 17-февралынан 4-мартына чейин.

Документтерди төмөндөгү дарекке тапшырсаңыздар болот.

Дареги: Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо көч. №53 (Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы)

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефон номерлери боюнча кайрылыңыздар: Тел.: (03738) 5-00-05,

(0777) 72-92-90,

Добавить комментарий