Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик административдик бош кызмат орунга сынак жарыялайт.

ИНВЕСТИЦИЯ, ИШКЕРДҮҮЛҮК, СООДА ЖАНА ТУРИЗМ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АДИСИ (1 ШТАТТЫК БИРДИК):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө;
“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;

Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кесиптик иш милдеттери:
Өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;
Райондо инвестиция, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясаттын, экономикалык, социалдык, укуктук, административдик аспектерин жайылтуунун чукул чараларын камсыз кылуу, ошондой эле алардын иш жүзүнө ашырылгандыгы жөнүндө информацияларды берип турат;
Райондо инвестиция тартуу боюнча иштерди жүргүзөт, инвестициялык долбоорлорду түзүү боюнча жарандарга практикалык жактан көмөк көрсөтөт;
Чакан жана орто ишкерликти регионалдык деңгээлдеги маалыматтарды анализдөө жана облустук чакан жана орто ишкерлик бөлүмдөрүнө квартал сайын аналитикалык маалыматтарды берип туруу;
Жеке ишкерлик менен алектенген атуулдардын мыйзам чегинде иш жүргүзүүсүнө райондук салык инспекциясы менен биргеликте көзөмөлдүк кылат жана Базар комитеттери менен биргеликте иш алып барат;
Райондун аймагындагы кредит берген уюмдар, банктар жана кредиттик союздар менен биргеликте иш алып барат;
Ишкерликти колдоо багытында ишкерлик менен алектенген атуулдардын мыйзам чегинде укуктарынын сакталышына жооп берет;
Айыл өкмөттөрүндө семинарларды, консультацияларды өткөрүүнү уюштурат.
Турак-жайларды камсыздандыруу иштерин көзөмөлгө алат
Кызматтык нускама менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык башка милдеттер да белгиленүүгө тийиш.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек тажрыйбасын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий илимий наам берилгендигин жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан, же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тарта 10 (он) жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо рай., Казарман а., Тоголок Молдо көч. №53. Байланыш телефону (03738) 50005

Добавить комментарий