ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

1.     Өнөр-жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация маселелери боюнча башкы адиси (1 штаттык бирдик):

Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Айыл чарба, Ветеринардык, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

Кесиптик компетентүүлүгү жана көндүмдөрү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
—         Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
—         Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
—         Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
—         “Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
—         “Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
—         Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
—         Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
—         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
—         “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдары;
—         Кыргыз Республикасынын “Транспорт жөнүндө” Мыйзамы
—         Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө” Мыйзамы
—         Кыргыз Жеспубликасынын Жер кодекси
—         Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы

2.     Билим берүү, жаштар саясаты жана спорт маселелери боюнча жетектөөчү адиси (1 штаттык бирдик):

Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим -Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Медициналык, Педагогикалык, Юриспруденция, Финансылык экономикалык, Гуманитардык, Табигый илимдер

Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;;

Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
—         Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
—         Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
—         Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
—         Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө” Мыйзамы;
—         КР “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамы;
—         Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамы;
—         КР “Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө” Мыйзамы;
—         КР  “Дене тарбия жана спорт жөнүндө” Мыйзамы;

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

 Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:
-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;
-паспорттун көчүрмөсү;
-керектүү кесиптик билимин, эмгек тажрыйбасын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий илимий наам берилгендигин жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан, же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тарта 10 (он) жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо рай., Казарман а., Тоголок Молдо көч. №53. Байланыш телефону (03738) 50005, 0777729290

 

Добавить комментарий