Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы мамлекеттик административдик бош кызмат орундарына сынак жарыялайт.

ӨНӨР-ЖАЙ, КУРУЛУШ, ТРАНСПОРТ, ЭНЕРГЕТИКА ЖАНА КОММУНИКАЦИЯ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА БАШКЫ АДИСИ (1 ШТАТТЫК БИРДИК):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Айыл чарба, Ветеринардык, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө”;
Кыргыз Республикасынын “Ченемдик укуктук актылары жөнүндө”;
“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө”;
“Жарандардын кайрылууларын кароо тартиби жөнүндө” мыйзамдары;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамдары;
Кыргыз Республикасынын “Транспорт жөнүндө” Мыйзамы
Кыргыз Республикасынын “Энергетика жөнүндө” Мыйзамы
Кыргыз Жеспубликасынын Жер кодекси
Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” Мыйзамы

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:
маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо;
аналитикалык документтерди даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу;
кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу;
иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;
эмгектин жаңы шарттарына көнүү;

— Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу;
ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү;
башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

-Кесиптик иш милдеттери:
Райондун аймагында курула турган жана капиталдык, мезгилдүү ремонтту талап кылган социалдык объектилер боюнча жыл сайын тиешелүү адистер менен биргеликте анализ жасоо жана аларга курулуш, ремонттоо иштерин жүргүзүү боюнча иш-чара кабыл алып, анын аткарылышына көзөмөлдүк жасайт;
Райондун аймагындагы курулушу жүрүп жаткан объектилердин курулуш монтаждоо иштерине техникалык көзөмөл жүргүзөт;
Курулушу бүткөрүлгөн объектилер боюнча так маалымат топтойт жана райондук статистика комитети менен биргеликте капиталдык курулуштун көлөмүн аныктайт;
КР “Архитектура жана шаар куруу” Мыйзамынын аткарылышын көзөмөлгө алуу менен бирге райондун инфраструктурасын жакшыртуу боюнча иштерди алып барат.
Райондун аймагындагы “Таза-Суу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүп жаткан иштерди көзөмөлгө алат;
Долбоорлук-сметалык документтердин негизинде курулуш-монтаждоо иштеринин көлөмүн жана акчалай наркын чыгарат;
Курулуш бүткөрүлгөн объекттерди кабыл алуу боюнча комиссиянын ишине катышат;
Турак-жай конуштарынын (жаңы курулуштардын) инфраструктурасын жана социалдык-экономикалык өнүгүшүн арттыруу боюнча иш-чаралардын планын иштеп чыгуу жана анын аткарылышын козомолго алуу, турак-жай курулушун өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;
Өнөр жай, транспорт жана коммуникация, жол тармактарында план тапшырмалардын аткарылышын, жыйынтыгын өз учурунда уюштуруп, контролдоп турат;
Ушул тармактагы перспективалуу маселелер боюнча сунуштарды даярдайт, зарыл болгон анализдерди жасайт;
Райондогу өнөр жай, транспорт жана коммуникация иштерине контролдук кылат.
Райондун калкын жана социалдык объектилерди күз-кыш мезгилине карата даярдыктары боюнча иштерди алып барат;
Өнөр-жай жана транспорт мекеме-ишканаларынын экономикалык божомолдорунун аткарылышына түздөн-түз көзөмөлдүк кылат;
Кызматтык нускама менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык башка милдеттер да белгиленүүгө тийиш.

 

ИНВЕСТИЦИЯ, ИШКЕРДҮҮЛҮК, СООДА ЖАНА ТУРИЗМ МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА АДИСИ (1 ШТАТТЫК БИРДИК):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:
— жогорку билим — Финансылык экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Юриспруденция

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
— иш стажына талап коюлбайт;

3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
— Төмөнкүлөрдү билүү:
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:

Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамы;
Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат боюнча кеңештин 2016-жылдын 19-августундагы № 43 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларынын этикасынын Кодекси.

Тиешелүү тармактагы мыйзамдарын:
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодекси;
Кыргыз Республикасынын Салык кодекси;
“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”;
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө;
“Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө” мыйзамдары.

Кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 токтомуна ылайык) жана расмий тилдерди;

Билгичтиги:
жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу;
документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо;
тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу;
кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу;
жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо;
мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу;
командада иштөө;

Көндүмдөрү:
ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу;
компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү.

Кесиптик иш милдеттери:
Өзүнүн компетенттүүлүгүнүн чегинде актуалдуу маселелер боюнча маалыматтык-методикалык материалдарды түзүү;
Райондо инвестиция, чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүнүн мамлекеттик саясаттын, экономикалык, социалдык, укуктук, административдик аспектерин жайылтуунун чукул чараларын камсыз кылуу, ошондой эле алардын иш жүзүнө ашырылгандыгы жөнүндө информацияларды берип турат;
Райондо инвестиция тартуу боюнча иштерди жүргүзөт, инвестициялык долбоорлорду түзүү боюнча жарандарга практикалык жактан көмөк көрсөтөт;
Чакан жана орто ишкерликти регионалдык деңгээлдеги маалыматтарды анализдөө жана облустук чакан жана орто ишкерлик бөлүмдөрүнө квартал сайын аналитикалык маалыматтарды берип туруу;
Жеке ишкерлик менен алектенген атуулдардын мыйзам чегинде иш жүргүзүүсүнө райондук салык инспекциясы менен биргеликте көзөмөлдүк кылат жана Базар комитеттери менен биргеликте иш алып барат;
Райондун аймагындагы кредит берген уюмдар, банктар жана кредиттик союздар менен биргеликте иш алып барат;
Ишкерликти колдоо багытында ишкерлик менен алектенген атуулдардын мыйзам чегинде укуктарынын сакталышына жооп берет;
Айыл өкмөттөрүндө семинарларды, консультацияларды өткөрүүнү уюштурат.
Турак-жайларды камсыздандыруу иштерин көзөмөлгө алат
Кызматтык нускама менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген иштин өзгөчөлүгүнүн талаптарына ылайык башка милдеттер да белгиленүүгө тийиш.

Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

-жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү;

-керектүү кесиптик билимин, эмгек тажрыйбасын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий илимий наам берилгендигин жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан, же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тарта 10 (он) жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо рай., Казарман а., Тоголок Молдо көч. №53. Байланыш телефону (03738) 50005

Добавить комментарий