ТОГУЗ-ТОРО РАЙОНДУК МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАЦИЯСЫ МАМЛЕКЕТТИК АДМИНИСТРАТИВДИК БОШ КЫЗМАТ ОРУНДАРГА СЫНАК ЖАРЫЯЛАЙТ

Өнөр-жай, курулуш, транспорт, энергетика жана коммуникация маселелери боюнча башкы адиси (1 штаттык бирдик):

 1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим – “Табият таануу илимдери”- Картография жана геоинформатика, Гидрометеорология, Жер кыртышынын билими, Жаратылышты колдонуу жана экология багыты боюнча, “Экономика жана башкаруу”, “Айыл чарбасы”, “Геодезия жана жерге жайгаштыруу”, “Геология, чалгындоо жана кендерди иштетүү”, “Энергетика жана электротехника”, “Материал таануу, металлургия жана машина куруу”, “Транспорттук техника жана технология”, “Электротехника, радиотехника жана байланыш”, “Автоматташтыруу жана башкаруу”, “Архитектура жана курулуш” тармактарында.

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;

 

Билим берүү, жаштар саясаты жана спорт маселелери боюнча жетектөөчү адиси (1 штаттык бирдик):

1) Кесиптик билимдин деңгээли:

— жогорку билим- “Гуманитардык илимдер”, “Социалдык илимдер”, “Педагогикалык билим берүү”, “Саламаттыкты сактоо”, “Экономика жана башкаруу” тармактарында

2) Иш стажы жана тажрыйбасы:

— иш стажына талап коюлбайт;

 

Талап кылынган документтер топтому:

-сынактык комиссиянын төрагасынын атына жазылган жеке арызы;

-3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

-паспорттун көчүрмөсү;

-кадрларды эсепке алуу баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме,

-керектүү кесиптик билимин, эмгек тажрыйбасын жана квалификациясын ырастаган документтери (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий илимий наам берилгендигин жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан, же иштеген жериндеги персоналдарды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

 

Документтер жарыя жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланган күндөн тарта 10 (он) жумушчу күн ичинде кабыл алынат.

 

Дареги: Жалал-Абад обл., Тогуз-Торо рай., Казарман а., Тоголок Молдо көч. №53. Телефондор: (03738) 50005, 0777729290

 

Добавить комментарий