Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы административдик бош  кызмат орундарына сынак жарыялайт

 Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү» Мыйзамына жана мамлекеттик кызмат боюнча Кеңештин 2009-жылдын 11-мартындагы «Мамлекеттик административдик бош кызмат орундарына сынак өткөрүү боюнча» бекиткен Жобосуна ылайык, Тогуз-Торо раймамадминистрациясынын  экономикалык өнүгүү  жана инвестиция тартуу секторунун  башчысы бош ваканттык административдик мамлекеттик кызмат ордуна сынак жарыялайт.

 Коюлуучу квалификациялык талаптар:

— Жогорку билим – финансылык, экономикалык, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, Айыл чарба, Ветеринардык, Техникалык, Курулуш, Энергетика тармактарында

— компьютерде иштей билүүсү: MS Word, MS Excel; MS PowerPoint;

-Мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтагы жыйынды стажы бир жылдан кем эмес же болбосо тиешелүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы.

Билими:

Жалпы мыйзамдарды, ошондой эле тиешелүү тармактагы мыйзамдарды: Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексин, Кыргыз Республикасынын Салык кодексин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Айыл чарба багытындагы жерлерди башкаруу жөнүндө”,  Кыргыз Республикасынын “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө”,  “Кыргыз Республикасында инвестициялар жөнүндө”мыйзамдарын жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексин, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматчыларынын этикасынын негиздери жөнүндө” Жобону, “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча” типтүү нускаманы билүүсү;

Негизги функционалдык милдеттер:

-Экономикалык өнүктүрүү, инвестиция тартуу, ишкерликти колдоо, туризм, кичи жана чакан бизнести өнүктүрүү, өндүрүш, шаар куруу, курулуш, анын ичинде жол курулуштарын, коммуналдык чарба, энергокоопсуздук, энергия колдонуучуларды камсыздоо, экономика тармактарын күз-кыш мезгилдерине даярдоо, транспорт байланышы жана коммуникация, агрардык саясат жана агроөнөржай комплекси, анын ичинде айыл чарба, суу чарба, кайра иштетүү өндүрүшү, кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, жер жана агрардык реформа маселелерин координациялайт.

-Улуттук жана мамлекеттик программаларынын талаптарына жана районду социалдык-экономикалык өнүктүрүү багыттарына ылайык райондук программаларды иштеп чыгат.

 Сынакка катышуу үчүн төмөндөгү документтер талап кылынат:

— жеке арыз, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баяны (соттолгондугу же соттолбогондугу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен), резюме, 3х4 өлчөмүндөгү 4 даана сүрөт;

— паспорттун көчүрмөсү;

— керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт).

Документтер жарыя Массалык Маалымат Каражаттарына жарыяланган күндө тартып 10 (он) жумушчу күн ичинде төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Жалал-Абад обл,
Тогуз-Торо рай.,
Казарман а.,
Тоголок Молдо көч., №53

Кошумча маалымат алуу үчүн төмөндөгү телефондорго кайрылыныздар (03738) 50005

Добавить комментарий