Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким М.К.Карагуловдун Атай айылындагы иш-сапары

2021-жылдын 28-майында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Карагулов Мирлан Канатбекович өзүнүн алгачкы иш-сапарын Атай айыл өкмөтүнөн баштады. Иш-сапарынын алкагында аким М.К.Карагулов Атай жана Карл-Маркс айылдарындагы социалдык объектилердин (бала бакча, мектеп ж.б.) учурдагы абалы менен таанышып, калкты ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу системасынын курулушун жеринен көрүп чыкты жана айылдын жашоочулары менен жолугушуп, көйгөйлүү маселелерди жеринен көрдү.

Добавить комментарий