“Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусу” мекемесинин 2020-2021-жылдагы акча каражаттары жана аткарылган иштер тууралуу маалыматы.

“Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусу” мекемесинин 2020-жылдагы акча каражаттары жана аткарылган иштер тууралуу маалыматы.

Тогуз-Торо районунундагы өндүрүшү токтоп турган “Макмалалтын” комбинатында өндүрүштү жандандыруу үчүн “Кыргызалтын” ачык акционердик коому тарабынан өткөрүлгөн инвестициялык конкурстун негизинде жаңы уюшулган “Макмал Голд Компани” жоопкерчилиги чектелген коому ишке кирип, 2019-жылдын 4-сентябрында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, жергилүүктү өз алдынча башкаруу органдары жана  “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы менен биргеликте “Социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча башкы макулдашуу” түзүлүп, макулдашуунун жана конкурстук шарттардын негизинде Компания өз ыктыяры менен 10,0 (он) млн. сом бермек. Ошонун 5 (беш) млн. сому  4-ноябрь 2019-жылы “Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесинин атайын каражат счетуна  которулуп берилген.

Которулган 5,0 (беш) млн сом акча каражатына  айыл өкмөттөр  тарабынан 12 долбоор “Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесине тапшырылып, Фонддун Башкармалыгы 2019-жылдын 24-декабрындагы №12 протоколдук чечимдин негизинде 6 долбоорду жактырып Байкоочу  кеңештин кароосуна сунуштаган.  Байкоочу кенеш 2020-жыл 27-январдагы № 12   протоколдук чечимдин негизинде   6 (алты) долбоорду  артыкчылыктуу долбоор катары жактырып  каржылоо үчүн сунуштады. Долбоорлорду ишке ашыруу үчүн айыл өкмөттөр тарабынан тендер өткөрүлүп, жеӊүүчүлөр аныкталып, түзүлгөн үч тараптуу келишимдердин негизинде аткаруучуларга Фонддун эсебинен акча каражаттары которулуп берилди.

Атай айыл өкмөтүнүн: “Эс алуу паркына электр чубалгыларын жана көмөкчу чордон орнотуу” долбоорунун жалпы наркы 423 347 сом, тендерден өткөн суммасы 393 406 сом, Фонддун эсебинен 393 406 сом каржыланып паркка электр чубалгылары, көмөкчү чордон (подстания) орнотулду. Ошондой эле “Атай айыл аймагынын Карл-Маркс айлындагы Саке Бий мектепке чейинки билим берүү уюмунун имаратынын сметасын чийдирүү” долбоорунун жалпы наркы 158 805 сом, тендерден өткөн суммасы 150 000 сом, Фонддун эсебинен 150 000 сом каржыланып бала бакчанын долбоору (ПСД) чийгенге берилди.

Каргалык айыл өкмөтүнүн: “Акбермет” бала бакчасынын имараттын капиталдык ремонттон өткөрүү” долбоорунун жалпы наркы 2 645 390 сом, тендерден өткөн суммасы 2 229 658 сом, анын ичинен жергиликтүү бюджеттен 1 229 658 сом, Фонддун эсебинен 1 000 000 сом каржыланып бала бакчанын имараттын ремонттоо иштери жүрүп жатат. Ал эми “Казарман Таза Суу системасынын суу чогултуучу кампасынан таза суу системасына келип кошулуучу түтүкчөнү алмаштыруу”  долбоорунун жалпы наркы 2 000 000 сом, (ПСД) чийилүүдө,  тендер өткөрүлө элек, Фонддун эсебинде 2 000 000 сом акча каражаты сакталып турат.

Сары-Булуӊ айыл өкмөтүнүн: “Сеялка зернотуковая Sakalak SK-HM-28” айыл чарба шайманын алуу  долбоорунун жалпы наркы 670 000 сом, тендерден өткөн суммасы 664 000 сом, Фонддун эсебинен 664 000 сом каржыланып айыл чарба шайманы алынып келди.

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн: Кош-Булак айылындагы №12 Ыдырыс Кадыркулов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин жылытуу системасы алмаштыруу” долбоорунун жалпы наркы 747 848 сом, тендерден өткөн суммасы 603 276 сом, Фонддун эсебинен 603 276 сом каржыланып мектептин жылытуу системасы алмаштырылып ишке берилди.

 

 

“Тогуз-Торо өнүктүрүү фондусу” мекемесинин 2021-жылдагы акча каражаттары жана аткара турган иштери тууралуу маалыматы.

“Макмал Голд Компани” ЖЧКсы тарабынан 2020-жылдын май айынан 31-октябрга чейин 2% салыктык эмес төлөм боюнча республикалык бюджетке жалпысынан 5 469 000 сом чегерди, ал эми “Макмалалтын” комбинаты декабрь айында 2020-жылга 207 344 сом акча каражаттын которду. Жалпы 2020-жылга которулган 2% боюнча акча каражат (5 469 000+207 344) 5 676 344 сомду түздү. Былтыркы жылы, башкача айтканда 2020-жылдын 1-январына карата Фонддун калдык акчасы 335 813 сом болгон. Калдык акчаны жана 2020-жылы түшкөн акча каражат кошулуп (335 813+5 676 344) жалпы  6 012 157 сомду түздү. Анын ичинен мекеменин ички чыгымдарына, айлык акыга жумшалган сумманы алганда      (6 012 157-596 797)  2021-жылдын 1-январына карата калдык  5 415 360 сомду түзөт.

Ошондой эле 2% салыктык эмес төлөм боюнча  “Макмал Голд Компани” ЖЧКсы 2021-жылдын февраль айынын башында 4 000 000 сом которду.

Бүгүнкү күнгө карата Фонддун эсебинде жалпы (2 189 318+5 415 360+4 000 000) 11 604 678 сом акча каражат Республикалык бюджетте турат.

“Тогуз-Торо районунун өнүктүрүү фондусу” мекемесине 2021-жылдын 28-январында айыл аймактардын айыл өкмөттөрү  тарабынан төмөндөгүдөй 11 долбоор тапшырылды.

Атай айыл өкмөтүнөн 3 (үч) долбоор:

  1. Дан эгин жыйноочу комбайн алууга “Жалал-Абад областынын өнүктүрүү фондусуна” сунуштоо үчүн өздүк салым үчүн 1 000 000 сом сурап жазган долбоору.
  2. Айыл чарба шайманы чөп таӊгактагыч (пресс-подборщик) алуу үчүн 840 00 сомдук долбоору. (а.ө өздүк салым 100 000 сом)
  3. “Саймалуу-Таш” жалпы билим берүүчү орто мектебинин ашканасынын жана китепканасынын курулуштарын (пайдубалын, дубалын) тургузуу боюнча 1 874 985 сомдук долбоору.

Каргалык айыл өкмөтүнөн 1 (бир) долбоор:

  1. Жаӊы ассенизатор техникасын алуу боюнча 2 475 000 сомдук долбоору.

Көк-Ирим айыл өкмөтүнөн 1 (бир) долбоор:

  1. Айыл чарба шайманы чөп таӊгактагыч (пресс-подборщик) алуу үчүн 850 000 сомдук долбоору.

Сары-Булуӊ айыл өкмөтүнөн 3 (үч) долбоор:

  1. Кичи футбол аянчасынын курулушун толук бүткөрүү боюнча 1 541 074 сомдук долбоору.
  2. Айыл чарба техникаларын коюучу жайдын үстүн чатырлоо боюнча 619 000 сомдук долбоору.
  3. Айыл чарба техникасы Беларус 82.1 тракторун шаймандары менен кошуп алуу боюнча 1 981 000 сомдук долбоору.

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнөн 3 (үч) долбоор:

  1. Дөдөмөл айылынын “Дөдөмөл-6”, “Дөдөмөл-7” жана “Береке” көчөлөрүнүн ички жолдорунун 1275 метр аралыгын кара шагал төшөө боюнча 3 588 248 сомдук долбоору.
  2. Ленин айылындагы “Тобок” көчөсүндө жайгашкан тегирмендин бир бөлмөсүн ремонттоо жана жаӊы технологиядагы 1-2 сорттогу ун чыгаруучу тегирмен сатып орнотуу боюнча 1 443 786 сомдук долбоору.
  3. Айыл чарба шаймандары чөп таӊгактагыч (пресс-подборщик) жана соко сатып алуу боюнча 1 130 000 сомдук долбоору.

Бүгүнкү күндө жогорудагы долбоорлордун документтерин (иш кагаздарын) фонддун Башкармалыгы карап жатат.

Мындан сырткары районубуздун аймагында, эл арасында көйгөйүү маселелер боюнча пикир-ой, сунуш берсеӊиздер болот.

 

Добавить комментарий