Раймамадминистрациясынын кезектеги Коллегиясы

2019-жылдын 25-январында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги Коллегиясы болуп өтүп, коллегияда «Тогуз-Торо районунун 2018-жылына карата социалдык-экономикалык абалы жана 2019-жылдын 3 айына карата милдеттер тууралуу» маселе каралып, күн тартибинде каралуучу маселе боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары У.И.Иманбердиев жана администрация башчысынын орун басары Г.А.Султангазиева  жүргүзүлүп жаткан иштер менен биргеликте, кетирилип жаткан кемчиликтерди баса белгилеп, тактама беришти.

Каралган маселе боюнча тиешелүү жетекчилерден жасалган иштер боюнча жооптору алынып, коллегия мүчөлөрү тарабынан сын-пикир, сунуштар айтылып, тиешелүү мекеме-жетекчилерине жана айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларына милдеттенмелер коюлуп, Токтом кабыл алынды.

Добавить комментарий