Муз үстүндөгү мелдеш

2018-жылдын 26-январь күнү Тогуз-Торо районунун Казарман айылында муз үстүндө коньки тебүү оюну уюштурулуп жогорку деңгээлде өткөрүлдү. КР Өкмөтүнүн 2018-2022-жылдарга “Спорттук Кыргызстан” программасы боюнча № 600 токтомун аткарууга алуу жана районубузда спортту өнүктүрүү максатында райондук деңгээлде районубуздагы 6 жалпы билим берүүчү орто мектептердин окуучулары арасында “Беш манжа бөлөк билек бир, Беш …

Толук окуу…

Жыл жыйынтыгы чыгарылды

         Бүгүн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын имаратында «Тогуз-Торо районунун 2017-жылдын 12 айынын социалдык-экономикалык абалы жана 2018-жылдын 3 айына  карата милдеттер тууралуу» коллегия болуп өттү.    Коллегияда районубуздагы 2017-жылда жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы чыгарылып, тиешелүү мекеме-ишканаларга жана айыл аймактарынын айыл өкмөт башчыларына милдеттер коюлуп, Токтом кабыл алынды.

Январь методикалык кеңешмеси

9.01.2018-жылы  Райондук билим берүү бөлүмү тарабынан  2017-2018-окуу жылынын 2- жарым жылдыгына карата январь методикалык кеңешмеси болуп өттү.        Кеңешмеде   АБР долбоорунун алкагында  2017-жылдын жыйынтыгы менен  Макмал жалпы билим берүүчү орто  мектебинин,  предметтик билим берүү стандарттарынын 10-11-класстары үчүн мугалимдердин кесиптик билим берүүсүн жогорулатуу, о.э.  жайкы мектеп долбоору боюнча  тренинг өткөрулүп, жыйынтыгында …

Толук окуу…

Сагымбай  Орозбаковдун  150 жылдыгына карата №8  Абдыжапаров  Маатмуса  атындагы  жалпы  билим берүүчү орто  мектебинде өткөрүлгөн иш-чара

2017-жылдын 12-декабрында  №8  Абдыжапаров  Маатмуса  атындагы  жалпы  билим берүүч орто  мектебинде кыргыз тили  жана  адабияты  мугалими  Бекова  Керездин  8-класстар  тарабынан  уюшулган  Сагымбай  Орозбаковдун  150  жылдыгына  карата  өткөрүлгөн  иш  чара  болду. Иш чаранын жүрүшүндө «Манас»  эпосу  кыргыз  элинин  ата-мурасы,  улуттун  сыймыгы,  руханий  маданиятынын  туу  чокусу, кылымдар  бою  муундан-муунга  оозеки  түрүндө  өтүп,  …

Толук окуу…

“Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата мекемелер, айыл өкмөттөр арасында өткөрүлгөн кичи футбол

2017-жыл 16-декабрь күнү “Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата №1 Макмал жалпы билим берүүчү орто мектебинин кичи футбол аянтчасында райондогу айылдык округдардын, мекеме-ишканалардын жетекчилер жана орун басарлары арасында жогорку деңгээлде  кичи футбол оюну болуп өттү. Оюндун максаты- дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, ден-соолукту чыңдоо, спорттук чеберчиликти жогорулатуу, мекеме-ишканалар арасында биримдикти, …

Толук окуу…

БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан уюштурулган талаа консультациясы.

2017-жылдын 11-декабрында райондук мамлекеттик аминистрациясынын жыйындар залында “Жаңы биргелешкен 2018-2022-жылдарга каралган Өлкө стратегиялык планынын алкагында”  БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасы (БУУ ДАТП) тарабынан КР Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги менен биргеликте талаа консультациясы уюштурулду. Уюштурулган талаа консультациясынын негизги максаты 2018-жылга жергиликтүү өнүктүрүүнүн артыкчылыктарын аныктоо болгондуктан, райондогу долбоордук комиссия мүчөлөрү жана …

Толук окуу…

А.Абдраимов атындагы жалпы билим берүү мекемесинде өткөрүлгөн семинар.

№2 Асан Абдраимов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинде 8.12.2017-жылы «Мугалим билим берүү аркылуу жаш муундун татыктуу келечек ээлерин тарбиялайт» аттуу  темада семинар өттү. Семинарды 4-класстын (кл.жет. А.Идирисова) окуучулары саламдашуу менен ачып, мектептин директору Э.Арзиева программасы менен тааныштырып, семинарга ийгилик кааалап, кезекти 2017-жылдын 2-3-ноябрында «Класстык сааттардын жана гуманитардык предметтердин алкагында …

Толук окуу…

“Манас эпосу” жумалыгына карата 

2017-жылдын 8- декабрында   райондук  маданият бөлүмүнө  М.Жаңыбаева, Ыдырыс атындагы  жалпы билим берүүчү орто мектептерине келген  Америкалык  волантёрлор Виктория Элизаветта жана Александр Томас жана алардын котормочулары менен биргеликте райондук Ч.Айтматов атындагы борбордук китепкананын кызматкерлери менен  жолугушуп  китепкана менен директору Г. Мамадалиева тааныштырып маалымат берди. Андан  кийин райондук тарыхый-этнографиялык музейинин  кызматкерлери жана  …

Толук окуу…

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын сайты ачылды

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары, колдонуучулар! Бул сайттан Тогуз-Торо району, о.э. райондук мамлекеттик администрациясы жана мекеме-ишканалар, райондун аймагындагы айыл Өкмөттөрү, айыл өкмөттүн аппараты, Айылдык Кеңештин түзүмү  укуктук-нормативдик актылары, жана анын токтомдору тууралуу маалымат алсаңыздар болот. Мындан сырткары райондун аймагындагы жаңылыктар, жарыялар, кулактандыруулар, өткөрүлүүчү тендерлер тууралуу маалымат жарыяланган. Ошондой эле бул сайт аркылуу Тогуз-Торо …

Толук окуу…