Мал союучу цехтин курулушу башталды

2021-жылдын 28-майында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Карагулов Мирлан Канатбекович «Макмал Голд Компани» ЖЧКынын жүргүзүп жаткан иштери менен таанышып чыкты.
Мындан сырткары Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы, айыл өкмөттөрү жана “Макмал Голд Компани” ЖЧКсынын ортосунда 2019-жылдын 4-сентябрында түзүлгөн “Социалдык колдоо жана шериктештик, өз ара кызматташтык боюнча түзүлгөн башкы макулдашуунун” шарттарына ылайык 1000 даана аары челектерин (ичинде аарысы менен) элге бекер таркатуу жана Мал союучу цехтин курулушуна капсула салуу менен, курулуш ишин баштоо иш-чараларына катышты.

Добавить комментарий