Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын алган Тогуз-Торо районунун атуулдарын куттуктоо

2021-жылдын 31-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров ишиндеги жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жөнүндө» Жарлыкка кол койду.  Жарлыкка ылайык Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарынан Тогуз-Торо районунун тургундары да кур калган жок.

 

  Саламаттык сактоо тармагындагы жетишкендиктери жана көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу А. Жакишов атындагы Тогуз-Торо жалпы дарыгердик практика борборунун соматика бөлүмүнүн башчысы Мамырова Каныш Мокушовнага “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген врачы” ардак наамы ыйгарылды.

 

 

 

 

 

 

Республиканын маданий, интеллектуалдык жана рухий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын “Кыргыз радиосу” радиостанциясынын комментатору Итигулова Чынара Кайбалиевнага “Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер” ардак наамы ыйгарылды.

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө олуттуу салым кошкондугу, кесиптик ишиндеги зор  жетишкендиктери үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 30 жылдыгына байланыштуу Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун Б. Үрстөмбеков атындагы № 3 орто мектебинин башталгыч класстарынын мугалими Өзүбекова Кыйырбү Калманбетовна Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы менен сыйланды.

 

 

 

Жалпы Тогуз-Торо районунун элинин, райондук мамлекеттик администрациясынын жана жеке өзүмдүн атымдан Кыргыз Республикасынын эң жогорку ардак наамдары ыйгарылган Мамырова Каныш Мокушовнага, Итигулова Чынара Кайбалиевнага жана “Ардак грамота” менен  сыйланган Өзүбекова Кыйырбү Калманбетовнага иштерине ийгилик, узун өмүр, чың ден-соолук каалап, алган сыйлыктары кут болсун демекчимин.

 

Добавить комментарий