Корея эл аралык кызматташуу агенттиги «Маалымат-коммуникациялык технологиялар» багыты боюнча магистрдик программаларга кабыл алууну жарыялайт.

         Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик кадр кызматы Кореялык эл аралык кызматташуу агенттигинин Кыргыз Республикасындагы офиси менен биргеликте Корея Республикасында өтүлүүчү магистрдик программаларына үчүнчү ирет кабыл алууну жарыялайт:
Окутуунун                  тематикасы:                 Маалымат-коммуникациялык технологиялар (Global ICT Policy at Pusan National University). Программанын негизги талаптарына ылайык, талапкерлер англис тилин жакшы билүүсү жана мамлекеттик/муниципалдык кызматта/мамлекеттик сектордордо 2 жылдан кем эмес стажга ээ болуусу шарт.
Тийиштүү документтерди (1 түп нуска +2 көчүрмөсү) Бишкек шаары, Чүй проспекти 122-үй, 304-кабинет дареги боюнча 2019-жылдын 6-майына чейин жиберүү зарыл.
Толугураак маалымат алуу үчүн Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg расмий сайтынан таанышсаныздар болот.

 

Добавить комментарий