Казахстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы магистрдик программага кабыл алууну жарыялайт.

Казахстан Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы (мындан ары — Академия) Ханнс Зайдель Фондунун Борбордук Азиядагы фонду менен биргелешип, “Региондук өнүктүрүү” программасы боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын арасында 2019-2021-жылдарга магистратура боюнча эки жылдык программага кабыл алууну жарыялайт.

Учурда мамлекеттик кызматта же муниципалдык кызматта иштеген стажы бир жылдан кем эмес болуусу керек.

Программада төмөнкүлөр каралган: виза алууга кеткен чыгымдар, эки тарапка авиакаттам, Академиянын жатаканасында жашоо чыгымдары, ошондой эле айлык стипендия төлөп берүү.

Кеңири жана жеткиликтүү маалыматты Мамлекеттик кадр кызматынын www.mkk.gov.kg (бөлүм “Мамлекеттик кадр кызматы» — Ишмердик Кызматкерлерди окутуу — Узак мөөнөттүк окутуу курстары)” расмий сайтынан алсаңыздар болот.

Толтурулган өтүнмөлөрдү тез аранын ичинде МККга тапшырсаңыздар болот, ошондой эле заявкаларды Академиянын расмий сайтына онлайн түрүндө бере аласыздар:  https://www.apa.kz/ru/kak-postupit/

Добавить комментарий