Дистанттык түрдө 2-жогорку билим алгың келеби?

Кыргыз Республикасынын Президентинин  «2019-жыл аймактарды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган Жарлыгына ылайык, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик Башкаруу Академиясы 2019-2020-окуу жылына карата магистрдик программаларга («Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу», «Менеджмент» жана «Экономика» адистигине)  кабыл алуу жарыялады.

Окутуу дистанттык түрдө жана контракттык негизде жүргүзүлөт.  Жылына Бишкек шаарына экзамен тапшыруу үчүн 7 күндөн 3 жолу гана барасыздар.  Документтерди 2019-жылдын 4-мартынан 30 мартына чейин электрондук форматта тапшыра аласыздар.

Кошумча маалыматты http://www.apap.kg/  сайтынан жана Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынан алсаңыздар болот.

 

 

 

 

 

 

 

 

Добавить комментарий