Автомашиналардын жүрүүсүнө чектөө коюлду

2020-жылдын 22-мартынан тартып Кыргыз Республикасында коронавирус оорусунун таркап кетүү коркунучун алдын-алуу максатында 1 айлык мөөнөткө өзгөчө кырдаал жарыяланып, республиканын бардык аймактарына блок-посттор орнотулуп, айрым жерлерде паспорттук режим киргизилип жаткандыктан, аталган оорунун районубузга таркап кетүу коркунучун алдын-алуу максатында райондук штаб тарабынан Кара-Гөө ашуусуна пост орнотуу жана райондун аймагына кирип-чыккан (тамак-аш продуктыларын, күйүүчү-майлоочу май, дан-азыктарын, дары-дармек ташыган жана тез жардам, инкасатордук автомашиналардан сырткары) автомашиналардын жүрүүсүнө тыюу салуу боюнча чечим кабыл алынды.
Жогоруда көрсөтүлгөн тамак-аш продуктыларын, күйүүчү-майлоочу май, дан-азыктарын, дары-дармек ташыган жана тез жардам, о.э. инкасатордук автомашиналар Кара-Гөө ашуусунан Тогуз-Торо райондук ички иштер бөлүмү тарабынан берилген пропуск менен гана өтө алышат.
Андыктан, Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары, райондун аймагынан сырт жакка чыгууга жана кирүүгө тыюу салынгандыктан, жолго убактылуу чыкпай туруунуздарды эскертебиз.

Добавить комментарий