Алыскы сапарга чыкпай турууну суранабыз.

Урматтуу Тогуз-Торо районунун тургундары!
Коронавирус оорусуна байланыштуу 2020-жылдын 22-марттан тарта бир айга Кыргызстанда өзгөчө кырдаалдар киргизилгендиктен, элибиздин ден соолугуна кам көрүп, коронавирустун мындан аркы таркашына бөгөт коюу максатында Кара-Гөө ашуусу аркылуу автомашиналардын жүрүүсүнө чектөө коюлуп, пост орнотулду. Постто тиешелүү кызматтардын жооптуу адистери кызмат өтөп, районго кирип-чыгып жаткан атуулдарыбызга түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.
Ошол себептен, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы сиздерден алыскы сапарга убактылуу чыкпай турууну суранат.

Добавить комментарий