Акималы уулу Алыбек жөнүндө

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын конкурстук комиссиясынын 2021-жылдын 14-октябрындагы №2 чечиминин негизинде, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Мыйзамына, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 08.07.2020-ж. №148-б буйругу менен бекитилген “Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы жөнүндө” жобого жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 29-декабрындагы № 706 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматында жана муниципалдык кызматында конкурс өткөрүүнүн жана кызматка көтөрүлүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык, Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын 14.10.2021-ж. №66-буйругу менен Акималы уулу Алыбек  штаттык ырааттамага ылайык 2021-жылдын 15-октябрынан тартып Билим берүү, жаштар саясаты жана спорт маселелери боюнча жетектөөчү адиси  кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалды.

 

 

Добавить комментарий