Аарычылыкты өнүктүрүү — кирешелүү тармак

Чакса ачуу, балы таттуу аарычылык тармагы — сырын билген ишкерге өтө кирешелүү тармак.

2019-жылдын 26-январында «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин жана Заирбек Кубанычбековдун демилгеси менен Тогуз-Торо районунун мамадминистрациясынын жыйындар залында райондогу аарычылык менен алектенген ишкерлер үчүн «Аарычылык иши» боюнча Кыргыз Республикасындагы «Аарычылар» ассоциациясынын Президенти, биология илимдеринин кандидаты Дуйшеналиев Жакшылык Байсбекович семинар өттү.

Семинарга 80ден ашык адам катышты. Семинарда аарычылык менен алектенген ишкерлер абдан баалуу маалыматттарды ала алышты. Аарылардын породаларын климаттык шартка жараша тандоо, аары сатып алуудагы катачылыктар, аарычылыкта алынуучу продукциялар жана аларды сатуудагы кыйынчылыктар, аары оорулары жана аларды дарылоодо продукциянын сапатына тийгизген таасирлери тууралуу кеңири маалыматка ээ болушту.    

Жергиликтүү ишкерлер бал жана аарычылыктан алынган продукцияны эскпорттоодогу маселелер боюнча көп суроолорду беришип, көйгөйлөрү боюнча жоопторду ала алышты. Семинар презентациялык, видеороликтер менен коштолуп, катышуучуларга абдан түшүнүктүү берилди. Балды экспорттоодо жалгыздап иш жүргүзө алышпастыгын, ошондой эле аарыларды бир канга алып келмейин рационалдуу иш алып баруу боло албастыгын түшүнүштү.

 

  

 

Кабарчы: Анарбек Санжыбаев  («Тилектеш Эл» Коомдук бирикмеси)

Добавить комментарий