Раймамадминистрациясында өткөрүлгөн үрөн чарба, мал чарба, талаачылык боюнча семинар.

Бүгүн раймамадминистрациянын жыйындар залында үрөн чарба, мал чарба, талаачылык боюнча семинар өткөрүлдү. Семинарды КРнын Айыл чарба, тамак- аш, өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин өкүлдөрү өткөрүп,презентация көрсөтүлүп, суроо-жооптор берилип, кеңири маалымат жеткирилди. Семинарга айыл өкмөт башчылары, фермерлер, ветеринардык врачтар жана жайыт комитеттери катышышты

Аарычылыкты өнүктүрүү — кирешелүү тармак

Чакса ачуу, балы таттуу аарычылык тармагы — сырын билген ишкерге өтө кирешелүү тармак. 2019-жылдын 26-январында «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин жана Заирбек Кубанычбековдун демилгеси менен Тогуз-Торо районунун мамадминистрациясынын жыйындар залында райондогу аарычылык менен алектенген ишкерлер үчүн «Аарычылык иши» боюнча Кыргыз Республикасындагы «Аарычылар» ассоциациясынын Президенти, биология илимдеринин кандидаты Дуйшеналиев Жакшылык Байсбекович семинар …

Толук окуу…

Раймамадминистрациясынын кезектеги Коллегиясы

2019-жылдын 25-январында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги Коллегиясы болуп өтүп, коллегияда «Тогуз-Торо районунун 2018-жылына карата социалдык-экономикалык абалы жана 2019-жылдын 3 айына карата милдеттер тууралуу» маселе каралып, күн тартибинде каралуучу маселе боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын 1-орун басары У.И.Иманбердиев жана администрация башчысынын орун басары Г.А.Султангазиева  жүргүзүлүп жаткан иштер менен биргеликте, …

Толук окуу…