2018-жылдын 30-октябрында болуп өткөн Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын Коллегиясы

2018-жылдын 30-октябрында Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясынын кезектеги Коллегиясы болуп өтүп, коллегияда: Тогуз-Торо районунун калкын, социалдык объектилеринин жана мекеме-ишканалардын 2018-2019-жылдагы күз-кыш мезгилине даярдыгы тууралуу жана “Кыргыз Республикасынын Улуттук архив фондусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын иш жүзүнө ашыруунун абалы жөнүндө маселелер каралды. Күн тартибинде каралуучу 1-маселе боюнча Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын …

Толук окуу…

Бирдик айылындагы АРИС долбоору тарабынан курулган 50 орундуу бала бакча ишке берилди.

Бирдик айылындагы АРИС долбоору тарабынан курулуп жаткан сметалык баасы 14368,7 миң сомдук 50 орундуу бала бакчанын курулушу “Кербен” курулуш ишканасы тарабынан толук бүткөрүлүп, бүгүн пайдаланууга берилди. Бала бакчага ички эмерек алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен өздүк салым катары 275,0 миң сом, Швейцария өкмөтү каржылаган жана ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Филиалы менен …

Толук окуу…

Кош-Булак айылындагы Ыдырыс Кадыркулов атындагы орто мектебине 50 орундуу ашкана ишке берилди.

Кош-Булак айылындагы Ыдырыс Кадыркулов атындагы орто мектебине 50 орундуу ашкана курууга Швейцария Өкмөтү каржылаган жана ХЕЛЬВЕТАС Свисс Интеркооперейшн Ассоциациясынын Филиалы менен өнүктүрүү саясат институту Консорциумда аткарылган “Жергиликтүү деңгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун өнөктөшү тарабынан 2577,6 миң сом, өздүк салым катары жергиликтүү бюджеттен 358,0 миң сом бөлүнүп, “СПиСОК Кайыңды” курулуш ишканасы …

Толук окуу…