Туу күнүнө карата Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.К.Идирисовдун куттуктоо сөзү

Урматтуу районубуздун тургундары! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм! Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3- мартта Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынгандыгы маалым. Желегибиздин алдында биз мамлекетибиздин пайдубалын бекемдеп, эл аралык саясий, маданий, спорттук иш чараларда башкалар менен тең желбиретип келе жатабыз. …