Туу күнүнө карата Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысы-аким Т.К.Идирисовдун куттуктоо сөзү

Урматтуу  районубуздун тургундары! Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик Туусунун кабыл алынгандыгынын 26 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайм!
Өзүңүздөргө белгилүү болгондой Кыргыз Республикасынын    Мамлекеттик Туусу 1992-жылы 3- мартта Жогорку Кенеш тарабынан кабыл алынгандыгы маалым.
Желегибиздин алдында биз мамлекетибиздин пайдубалын  бекемдеп, эл аралык саясий, маданий, спорттук иш чараларда башкалар менен тең желбиретип келе жатабыз.
Желегибизди ар дайым кастарлап, сый-урмат көрсөтүү аркылуу  биз өз тарыхыбызды, ата-бабалар мурасын,  маданиятыбыз менен салттарыбызды даңазалайбыз.
Биздин эркин  жана эгемен мамлекетибиздин желеги –тынчтык менен ынтымактын уюткусу, элибизде биримдик болсун!

Добавить комментарий