Калкы

КАЛКЫ

Тогуз-Торо районунун калкынын саны боюнча Жалал-Абад облусунун 8 районунун ичинен 8-орунда турат.  Райондун калкы 2009-жылкы эл каттоо боюнча 22136 адам, ал эми 2016-жылы 24,5 мин адамга жеткен. Райондун борбору Казарман айылынын калкы 10037 адам. Райондо 13 кыштак, 5 айыл өкмөтү бар. Райондун борбору- Казарманда  райондун калкынын 40,8%, ал эми  Көк-Ирим айыл өкмөтүндө-14,1%, Атайда – 8,7%, Кара-Сууда-12,4%, Тогуз-Тородо-18,3%, Каргалыкта-45,7%  жашайт.

Райондун айыл кыштактары

Айыл-кыштактардын аты Айыл өкмөттөрү Калкынын саны (2015-ж) Райондун борборунун алыстыгы

км

Жакынкы темир жол бекетинен алыстыгы (км)
Арал Көк-Ирим 2168 18 428 (Балыкчы)
Бирдик Көк-Ирим 1317 21 431 (Балыкчы)
Атай Атай 1499 25 435(Балыкчы)
Карл Маркс Атай 648 27 437  (Балыкчы)
Казарман Райондун борбору 10037 124 (Көк-Жаңгак)
Чет-Булак Каргалык 1165 19 103 (Багыш)
Макмал Каргалык 56 47 146 (Балыкчы)
Ленин Тогуз-Торо 2964 2 108 (Багыш)
Дөдөмөл Тогуз-Торо 1069 45 151 (Багыш)
Кош-Булак Тогуз-Торо 467 45 108  (Багыш)
Өрнөк Тогуз-Торо 131 20 360  (Балыкчы)
Кара-Суу Сары-Булуң 1940 3 380  (Балыкчы)
Табылгыты Сары-Булуң 1131 7 120 (Көк-Жаңгак)

 

Облуска салыштырмалуу  райондо калктын табигый өсүү темпинин ылдамдыгы негизинен балдардын көбүрөөк төрөлүшүнө,  өлгөндөрдүн санынын кыскарышына, өмүрдүн  орточо узактыгынын жогорулашына таасир этет.  Ошондой эле төрөлүүнүн  жогору болушу  жалпы  эле кыргыз  улутунун эзелтеден салтка  айланган көп балалуу үй-бүлө жана  ажырашуунун айыл жерлеринде аз болгондугуна байланыштуу. Район боюнча калктын өсүү темпи жылдан жылга өсүп, 2016-жылга 24592 адамды түзгөн. Ошондой эле турмуш шартка ылайык, райондо ар бир жылы табигый өсүү  жогорулап, ал эми 2015-жылдарда жугуштуу оорулардын көбөйүшүнө  байланыштуу өлүм-житим көбүрөөк болуп,  табигый өсүү салыштырмалуу төмөн болгондугун айгинелеп турат. Облустун бардык рйондорундай эле, Тогуз-Тородо да калктын өсүшүнө миграция оз таасирин тийгизбей койгон жок. 2009-жылы эл каттоо боюнча, райондо келгендердин саны -69, кеткендердин саны-309, (айырмасы-240) болсо, 2016-жылы келгендердин саны — 67 жана кеткендердин саны — 218 болуп, кеткендердин саны салыштырмалуу азайган.

Калктын район боюнча төрөлүү, өлүмү жана табигый өсүүсү

Жылы 2010 2011 2012 2013 2014 2015
Төрөлүү 602 617 595 579 579 591
Өлүмү 155 135 130 145 126 135
Табигый өсүү 447 482 465 434 453 456
Төрөлүнүн 1000  адамга туура келген жалпы коэффиценти 26,7 27,5 26,8 25,2 25,2 26,2
Өлүм-жетимдин  1000 адамга  туура келген  коэффициенти 6,7 6,0 5,8 6,3 5,1 6,0

 

Калктуу пункттарды классификациялоодо райондогу  Казарман , Ленин, Арал, Атай, Бирдик,  Кара-Суу , Чет-Булак айылдары  ири кыштактар, ал эми Дөдөмөл, Макмал, Карл Маркс, Өрнөк, Табылгыты, Кош-Булак  чакан айылдары катары саналат.  Райондун калкы негизинен мал чарбачылыгында  эмгектенет. Негизинен уян жана чала уяң жундүү  кой, бодо мал,  жылкы асыралат.  Дыйканчылыкта  дан эгендери өстүрүлүп, жеринин басымдуу бөлүгүн жайыт ээлейт. Макмалалтын кен комбинаты, токой чарбасы иштейт.

Көп функциялдуу кыштактарга  райондун борбору – Казарман кирет, анын калкы тамак-аш, сүт, эт, өндүрүү, бетон даярдоочу механикалаштырылган  заводунда, турмуш-тиричилик комбинатында ж.б майда өндүрүштөрдө, ошондой эле  транспорт, байланыш түйүндөрүндө эмгектенет.  Казарманда  4 орто мектеп, спорт мектеби, кесиптик-техникалык окуу жайы, кинотеатр, маданият үйү,  китепкана, борборлоштурулган оорукана, медпункт иштейт. 1969-жылы  Ата-Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.

Райондун Атай айыл өкмөтүнө-Арал, Карл Маркс кыштактары кирип, аларда 49 дыйкан чарбасы, 456 фермердик чарба, 111 жеке чарба уюштурулуп, 19 айыл-чарба техникасы тейлейт. Айыл өкмөттүн аймагында 2 орто мектеп, үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, фельдшер-акушердик пункт, мончо, китепкана, дүкөн, тегирмендер иштейт.

Ал эми, Дөдөмөл Кош-Булак, Өрнөк, Ленин кыштактары Тогуз-Торо айыл өкмөтүнө кирип, аларда 43 дыйкан чарбасы, 114 жеке чарба, 456фермердик чарба уюштурулуп, 20 айыл-чарба техникасы тейлейт. Айылдык  врачтык амбулатория, фельдишердик-акушердик пункт, 2 орто мектеп,  2 мончо, 3 дүкөн, 7 тегирмен иштейт.

Сары-Булуң айыл өкмөтүнө  караштуу  Кара-Суу, Табылгыты, Сары-Булуң  кыштактары карайт.  Бул айыл өкмөттө 53 дыйкан, 457 фермердик, 163 жеке чарбасы  уюштурулуп, 13 айыл-чарба техникасы тейлейт.  Айыл өкмөттүн аймагында 2 орто мектеп, 2 китепкана, 2 фельдшердик-акушердик пункт, тегирмендер  иштейт.

Казарман, Чет-булак, Макмал кыштактары Каргалык айыл өкмөтүнө кирип, аларда 118 дыйкан чарбасы, 20  кичи ишкана, 1019 жеке чарба, 1001 фермердик чарба уюштурулуп, аларды  36дан ашык айыл чарба  техникасы тейлейт.  Бул айыл өкмөттүн аймагында 4 мектеп, 4 бала-бакча, 3 мончо, маданият үйү, 57 соода мекемелери, фельдшердик-акушердик пункт, 8 даарыкана, 2 базар, 4 тегирмен, турмуш-тиричилик комбинатынын бөлүмдөрү, музей  бар.

Көк-Ирим айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Арал, Бирдик кыштактары карайт. Бул айыл өкмөттө 28 дыйкан чарбасы, 557 фермердик чарба, 170 жеке чарба уюштурулуп, аларды 12 айыл чарба техникасы тейлейт. Айыл өкмөттүн аймагында 2 мектеп, үй-бүлөөлүк дарыгерлер тобу, фельдшердик-акушердик пункт, маданият үйү, почта, музей, 1 базар, тегирмендер бар.

Райондун калкы көп улуттуу. 16дай улут өкүлү жашайт. Калктын көпчүлүк бөлүгүн кыргыздар – 99%ын, калгандары өзбек, татар, уйгур, дунгандар, орус  ж.б түзөт.

Калктын орточо жыштыгы 1км2  жерге 4,1 киши туура келет. Алардын көбү тоо этектериндеги түздүктөрдө жана суу бойлорунда, тектирлерде отурукташкан.

Райондо 3375 айыл чарбасында, 1200 адам өнөр жайында, 291 дыйканчылыкта, 3084 мал чарбасында, ал эми тейлөө чөйрөсүндө 621,  түрдүү тармактарда 1421адам  эмгектенет.

Комментирование запрещено