Жалпы маалымат

Тогуз-Торо району Жалал-Абад облусунун түндүк-чыгышында жайгашкан административдик аймак. Түндүгүнөн Нарын облусунун Жумгал, чыгышынан Ак-Талаа райондору, түндүк-батышынан Токтогул, батышынан Базар-Коргон, Сузак райондору, түштүгүнөн Ош облусу­нун Өзгөн району менен чектешет. Аянты 3962,8 км2. Тогуз-Торо району 1935-жылы уюшулуп, 1962-жылы Ак-Талаа району менен бириккен. 1966-жылдан өз алдынча район. 1988-жылы Тогуз-Торо ра­йону Нарын облусунан бөлүнүп, Ош облусунун, 1991-жылдан Жалал-Абад облусунун карамагында. Аймак бийик тоолуу келип, өлкөбүздүн түштүк-батышынан орун алган, негизинен Тогуз-Торо ойдуңун ээлейт. Ойдуң аркылуу Нарын дарыясы агат; анын ири куймалары: Көк-Ирим, Көгарт, Атай, Аскалуу, Табылгыты ж. б. Эң ири көлү — Беш-Көл (Ак- Шыйрак кырка тоосунда, 1975 м бийиктикте). Фергана тоо кыркасындагы Көгарт ашуусуна жакын жерде жүз миңден ашуун сүрөттөрү менен белгилүү болгон Саймалы таш сүрөт галереясы бар. Тогуз-Торо району деңиз деңгээлинен 1200—2000 м бийиктикте, климаты кескин континенталдуу, кышы суук, кар калың түшөт. Январда абанын орточо температурасы — 17°- 19°С, июлдуку 22-23°С, жылдык жаан-чачыны 320-350 мм.

Райондун 5 айыл өкмөтүнүн 13 кыштагында 24592 калк жашайт, а. и. аялдар — 12157, эркектер — 12435 (2016). Улуттук курамы б-ча кыргыздар 99,9%, башка улуттун өкүлдөрү 0,1%. Чарбасынын негизги тармагы айыл чарбасы, а. и. мал чарбасы өнүккөн. Айыл чарбасына жарактуу жери 236,9 миң га, а. и. 9355 га айдоо, 3530 га чабынды, 224,1 миң га жайыт. Өнөр жай ишканаларынан Макмал алтын комбинаты, туз өндүрүүчү «Тунук» фирмасы ж. б. иштейт. Маанилүү автомобиль жолдору: Казарман — Бишкек, Казарман — Жалал-Абад ж-а түндүк-түштүк альтернативалуу жолу 433 км.

Райондон үч Социалисттик Эмгектин Баатыры (Исак Нураков, Бурулбүбү Турдубаева, Маруса Жаңыбаева), бир Даңк орденинин толук кавалери (Ыдырыс Кадыркулов) чыккан. Райондун борбору — Казар­ман кыштагы. Жалал-Абад шаарынан 150 км, Бишкектен 560 км алыстыкта.

Рельефи. Тогуз-Торо өрөөнү Ички Теңир-Тоодогу туш тарабы­нан тоолор м-н курчалган туюк ж-а салыштырмалуу чакан өрөөн. Ички Теңир-Тоонун четки түштүк- батыш бөлүгүндө, 40°51′ ж-а 43°0′ түндүк кеңдиктери м-н 70°25′- 74°70′ чыгыш узундуктардын аралыгында. Нарын дарыясы өрөөндү экиге бөлүп агат.

Өрөөндүн табигый чеги Тогуз- Торо районунун чегине дал келет. Түндүгүнөн Молдо-Тоо, Кабак, Көк-Ирим, батышынан Фергана, түштүк-чыгышынан Ак-Шыйрак (Чаар-Таш) кырка тоолору м-н чектешет. Ойдуң туура эмес үч бурчтук формасында. Анын уз. 66 км, таманынын жазылыгы 25—30 км, деңиз деңгээлинен бийиктиги 1200-2000 м.

Өрөөн эки чоң физикалык-географиялык провинциянын — Ички ж-а Түштүк-Батыш Теңир-Тоонун аралыгында жайгашкандыктан, анын табияты Кыргызстандын башка өрөөндөрүнүкүнөн кыйла өзгөчөлөнөт. Жеринин бетинин түзүлүшү (рельефи) б-ча негизинен үчкө — түздүктүү, too этектериндеги адырлуу ж-а тоолуу физикалык- географиялык комплекстерге бөлүнөт. Түздүктүү бөлүгүн өрөөндүн жайык таманы, дөбөлүү түздүктөр, тектирлер ээлейт. Өрөөндүн таманын төртүнчүлүк мезгилдин шиленди тектери түзөт. Ал­лювий, пролювий, делювий ши­ленди конустары ар кандай жазылыктагы жантайыңкы түздүктөрдү пайда кылып, тoo этектей текши тилкени түзүп жатат. Тектирлүү өрөөндүн түздүктүү тилкеси ири сууларды бойлой ар кан­дай жазылыкта созулуп, гипсометриялык жактан эң төмөнкү деңгээлди ээлейт. Аларга Нарын, Атай, Көгарт, Көк-Ирим сууларынын жайылмалары ж-а жайылмалардан жогорку тектирлер кирет. Нарын дарыясынын жайылмасы жазы, 1,5—2 км. Ошол себептен өрөөндүн жеринин бетинин түзүлүшү жалпысынан бир аз жантайыңкы, ой-чуңкурлуу ж-а тектирлүү депрессия сымал. Нарындын жайылмасынан жогору, анын өйүз-бүйүзүндө, бири-биринен кууш ж-а бийик (10-50 ж) кашаттар м-н бөлүнгөн тектирлер созулуп жатат. Тектирлердин үстү түз, аларда айдоо аянттары, айыл- кыштактар жайгашкан.

Климаты. Тогуз-Торо өрөөнү субтропиктик алкактагы Фергана өрөөнү м-н мелүүн алкактагы континенттик климаттуу Ички Теңир- Тоонун аралыгында жайгашкандыгына байланыштуу анын кли­маты кандайдыр бир белгилери б-ча Фергананын да, Ички Теңир- тоонун да климатына окшошуп кетет. Өрөөндүн температуралык шарты анын ар кайсы жеринде ар түрдүү. Январда абанын орточо температурасы — 17°… -19°Сге жетсе, ал эми абсолюттук мини­муму —42°С болот. Башкача айтканда, температурасы б-ча Тогуз- Торо Ички Теңир-Тоонун өрөөндөрүнө окшош, кышы өтө суук ж-а оор келет. Күн радиациясынын көп болгондугуна байланыш­туу февраль айынан баштап аба­нын температурасы тез көтөрүлө баштайт. Июль айында өзүнүн максимумуна жетет. Июлдун ор­точо температурасы 22-23°С, сен­тябрь айынан баштап абанын тем­пературасы төмөндөй баштайт.

Жаан-чачыны жыл ичинде бөлүнүшү б-ча өрөөндүн климаты Фергана өрөөнүнүн климатына өтө окшош. Жаан-чачындын жазгы максимуму жаз мезгилин ж-а июнь айын камтыйт. Күзгү максимуму кеч күзгө ж-а кыш мезгилине туура келет. Жазгы максимум бул өрөөндө жайды карай бир айга (июнга) жылышат. Ошол себептен Фергана өрөөнүнө мүнөздүү жайкы кургакчылык да бир ай кеч келет (август, сентябрь айларын камтыйт). Өрөөндүн жаан-чачын режими Борбордук Теңир-Тоонукуна жакыныраак. Көп жылдык маалыматтар б-ча жылдык жаан- чачындын орточо өлчөмү өрөөндө 320-350 мм. 

Өрөөндө кыш мезгили оор ж-а суук болгондугу даана байкалат, кар катмарынын калындыгы 50 см- ге (тоо этектеринде1,5м-2м) жетип, ал 5 айга чейин кармалып турат. Биринчи үшүк октя­брь айынын 1-декадасынан башталат. Апрелдин аягында же болбосо майдын ортосунда токтойт. Абанын жылдык орточо темпера­турасы 7,5°С түзүп, үшүксүз мезгилдин узактыгы 180 күнгө барабар.

Суулары. Тогуз-Торо өрөөнүндө кыркка жакын чоң ж-а чакан агын суу бар. Алардын бардыгы тоо суулары, көбү мөңгүдөн ж-а түбөлүк кардын эриген сууларынан башталат. Өрөөндүн негизги дарыялары: Нарын ж-а анын куймалары — Калдама, Көк-Ирим, Көгарт ж. б. Алардын ичинен эң чоңу ж-а суусу молу — Нарын дарыясы. Ал өрөөндүн чыгышындагы кууш ж-а татаал шаншаар (каньон) аркылуу Орто Нарын өрөөнүнөн агып келет. Тогуз-Торо өрөөнүнүн түздүктүү бөлүгүнө чыккандан кийин ал бир аз жайылып, 40 кмдей аралыкта өрөөн аркылуу агып өтөт. Бул жерлерде дарыя бир нече айрыкка бөлүнүп агып, жазылыгы 1,5—2 км бол­гон токойлуу кенен жайылманы пайда кылат. Өрөөндүн батыш бөлүгүндө Нарынга Көгарт ж-а Көк-Ирим суулары куюп, ал Көк- Ирим кырка тоосун жарып өткөн кууш ж-а терең капчыгай аркылуу Кетмен-Төбөнү карай түндүккө бурулуп агат.

Атай суусу Калдама ж-а Кичи Атайдын кошулушунан түзүлөт. Алар Фергана тоо тизмегиндеги кар, мөңгүлөрдөн башталат. Суу чогултчу аянты 600 км2, узундугу 35 км, суусунун жылдык орточо чыгымы 3,3 м3/сек. Көгарт суу­су Фергана тоо тизмегиндеги Көгарт ашуусуна жакын жерден башталып, Фергананы жарып агып, капчыгайды пайда кылат. Капчыгайдан чыкканда ага суусу мол — Кылдоонун суусу кошу лат. Ал кар-мөңгү ж-а булак сууларынан куралып, суу чогултуучу аянты 260 км2ди түзөт. Суусу негизинен сугатка пайдаланылат. Өрөөндүн түздүктүү жерлери негизинен суу м-н камсыз болгон. Бирок, сугат каналдарынын аздыгына байланыштуу, сугатка суу жетишпейт. Айдоо аянтын көбөйтүү үчүн каналдарды куруу ж-а сугат тармактарын жакшыртуу зарыл. Өзгөчө Аккүп ж. б. каналдары­нын курулушунун бүтүшү миң- деген гектар жерлерди сугарууга мүмкүндүк берет. Жер астындагы суулар төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тек катмарында кыйла те­рең жатат. Алар айрым гана жерлерде, мис., Нарындын жайылмасында сыртка сарыгып чыгып, булак түрүндө дарыялардын куралышында өзгөчө ролду ойнойт.

Өрөөндүн негизги суу булагы катары Нарын дарыясы эсептелет. Нарын дарыясына көптөгөн суу­лар келип кошулат, алардын негизгиси — Көк-Ирим дарыясы, о. эле Нарынга Молдо-Тоонун күнгөй капталынан агып түшкөн Табылгыты, Кайынды, Чоң Киндик сыяктуу оң куймалары кошулат. Көк-Ирим Фергана тоо тизмегинен башталып, Нарынга сол тараптан куят. Негизинен кар, мөңгү ж-а булак сууларынан куралат. Суусунун жылдык орточо чыгымы 22,6 м3/сек. Ири куймалары: Көгарт, Үрүм-Башы, Кекилик бел (оң), Казык, Байдамтал (сол). Нарын дарыясынын гидроэнергетикалык запасы зор, ал азырынча пайдаланыла элек. Нарынга Тогуз-Торо р-нунун четинде эки жерге ГЭС курууга болот: бирин дарыянын Ак-Шыйрак капчыгайынан чыга берген жерине, экинчисин Кабак-Тоону жарып өткөн шаңшаарга (каньонго). Тогуз- Торо р-нунун аймагында Беш-Кел көлдөрүнүн тобу бар.

Топурак, өсүмдүктөрү. Тогуз- Торо өрөөнүнүн топурак-өсүмдүктөрү Теңир-Тоонун башка өрөөндөрүнөн бир кыйла өзгөчөлөнөт. Өрөөндүн ойдундуу бөлүгүн неги­зинен Ички Теңир-Тоонун өрөөндөрүнө мүнөздүү болгон ачык-күңүрт борбордук теңир тоо топурактары ж-а шыбак ак кылкандуу жарым чөлдөр ээлейт. Ал эми өрөөндүн түндүк-батыш жагында Фер­гананын бозомтук топурактуу ж-а эфемер-шыбактуу жарым чөлдөрү кездешет. Андан тышкары Ички Теңир-Тоого ак кылкан- бетегелүү талаалар м-н бирге Фер­гана өрөөнүнө мүнөздүү өскүлөң чөптүү (саванна сымал) талаалар да бир кыйла аянттарды камтыйт. Ошол себептүү топурак изилдөөчүлөр, о. эле геоботаниктер да Тогуз-Торо өрөөнүн өзгөчө топурактык-геоботаникалык аймак ка­тары карайт.

Топурак кыртышынын генезистик ж-а өсүмдүктөрүнүн негизги типтеринин таралышы климатгын бийиктик б-ча өзгөрүшүнө байланыштуу бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүгүнө баш ийет. Тогуз-Торо өрөөнүнө анын таманынан курчап турган тоолордун кыр бөлүктөрүнө чейин төмөнкү бийиктик ландшафттык алкактар мүнөздүү. Түздүктүү жарым чөлдүү алкак — деңиз деңгээлинен 1300-1500 м бийиктикте, негизинен Көк-Ирим, Көгарт, Нарын дарыяларынын ба­йыркы тектирлеринде, өрөөндүн түндүк жагындагы адырлардын бөксө капталдарында кездешет. Жайы ысык, кышы суук, жаан- чачын жетишсиз, кургакчылыгы м-н айырмаланат. Топурак — өсүмдүктөрү аллювий, айрым учурларда пролювий, делювий таштак, сейрегирээк кумайлуу шиленди тектердин үстүндө калыптанат. Жай мезгилинин кургак ж-а ысык, жаз айларынын жылуу ж-а нымдуу болушу бул ландшафттардын топурак өсүмдүктөрүнүн ферганалык түргө кыйла окшош болушуна алып келет. Кыртышы ачык бозомтук топурактарга кыйла окшоштугу бар. Бул топурактардын морфологиялык түзүлүшүнө кыртыштын үстүнкү горизонтунун бир аз күңүрт бозом­тук түстө болушу, чымдуу горизонттун даана байкалышы, топу­рак профилинин горизонтторго начар бөлүнүшү, чымдуу горизонттон төмөнкү катмардын өтө тыгыздыкта болушу, аз чириндилүүлүгү (1,5-2%) ж-а көп карбонаттуулугу мүнөздүү.

Топурак кыртышы ар түрдүү калындыкта ж-а скелеттүүлүктө болуп, жукараактары Дүпкүрдүн тегерегин ж-а адырлардын капталдарын, орто калыңдыктагылары тектирлүү түздүктөрдү, ал эми калың кыртыштар узак убакыттардан бери сугарылып иштетилген өрөөндүн борбордук бөлүгүн ээлейт. Бул топурак кыртышында ар түрдүү деңгээлде эрозияга же шордонууга дуушар болгондору да кезигет. Эрозияга дуушарланган кыр­тыштар адырлардын түштүк ж-а түштүк-батышты караган шилендилүү капталдарында же кыйла эңкейиш, сугарылып, айдалып жаткан жерлерде кездешет. Ал эми шортоң топурактар көбүнчө неогендик туздуу чополор кеңири таралган өрөөндүн чыгыш бөлүгүндө пролювий тектерде кезде­шет. Өсүмдүктөрүндө жазгы ным­дуу мезгилде жайнап өсүүчү эфемерлери көп, бирок, негизинен шыбак басымдулук кылган жарым чел мүнөздүү. Эфемерлерден коңур баштуу жылгын, ыраң, о. эле ак кылкан, таштактуу жерлерде жылтыркан, бетеге, таштак коктулардын тамандарында чий кез­дешет. Өсүмдүк каптоосу 30-35%, орточо түшүмдүүлүгү 2,7-5 ц/га. Бул ландшафттар түздүктүү тектирлерде сугат жерлер катары өздөштүрүлгөн, ал эми адырлардын капталдары жазгы күзгү жайыт катары пайдаланылат.

Түздүк -адырлуу-тоо топурактуу талаа алкаг ы деңиз деңгээлинен 1500— 2300 м бийиктиктерде өөрчүп, өрөөндүн түзөң бөлүгүнүн чет жакасын, бийигирээк орун алган адырларды ээлейт. О. эле Кабак- Тоо, Дөдөмөл, Көк-Ирим тоолорунун күнгөй капталдарында кездешет. Кургак талаалар Нарын, Көгарт, Көк-Ирим дарыяларынын бийик тектирлеринин түздүктөрүндө өөрчүп, түздүктүү кургак талаа ландшафтын пайда кылат. Алар негизинен сугат дыйканчылыгында гана пайдаланылат. То­пурак кыртышы аллювий, делювий-пролювий таштак-кумайлуу тектерде өөрчүп, сугат жерлерде гана кыртыштын үстүнкү катмарында 0,7-1,0 м терендикке чейин таза кум-таштактуу кумай тектери жатат, ал эми тоо этектериндеги пролювий, делювий шиленди түздүктөрдө таштак катмар 0,3-0,5 м терендикте кездешет. Бул ландшафттарга ачык коңур топурак мүнөздүү; анын негизги морфологиялык белгилери: горизонтторунун даана байкалышы, калындыгы 30-40 смте чейин жеткен чириндилүү горизонту. Өңү бир аз күңүрт бозомтук же каралжын бозомтук, структурасы май­да кесектүү, чөп тамырлары кый­ла жыш, чириндилүүлүгү 2,5—3%, карбонаттар 20-25 см терендикте байкалат.

Бул ландшафттардын айдалбаган участкаларында негизинен бетеге аралаш шыбак-ак кылкандуу кургак талаа басымдуулук кылат. Өсүмдүктөрүнүн негизин ак кылкан, ыраң, бетеге, буудайык, аюу чач ж. б. түзөт. Колоттордун тамандарында чий, төө куйрук, ала бата дагы кездешет. Алар айрыкча адырларда кеңири таралган. Too капталдарындагы кургак та­лаа ландшафттары топурак кыртышынын жукалыгы, таштактыгы, алтыгана, чие, төө куйрук ж. б. бадалчалардын көбүрөөк болушу м-н өзгөчөлөнөт. Жер бети­нин өсүмдүк каптоосу 50-60%, орточо түшүмдүүлүгү 5-8 ц/га\ не­гизинен кышкы жайыт катары пайдаланылат.

Түздүк-бөксө тоо­луу талаа алкагы негизинен Кабак-Тоо, Молдо-Тоо, Ак-Шыйрак тоо кыркаларынын күнгөй капталдарында деңиз деңгээлинен 2300-2500 м, айрым жерлерде 2700 м бийиктиктерге чейин, ал эми Фергана, Ак-Шыйрак тоо кыр­каларынын тескей капталдарынын этектериндеги шиленди түздүктөрдө 1700-2000 м бийиктиктерде кездешет. Бул алкактын климаты кургак талаага салыштырмалуу нымдуурак, жаан-чачындын өлчөмү 450—500 ммге че­йин жетет. Бул болсо түздүктүү кайрак жерлерде дан эгиндерин (таруу, буудай, арпа) айдоого мүмкүндүк берет. Топурак-өсүмдүк кыртышы пролювий-делювий ши­ленди тектерде, ал эми тоо каптал­дарында чулу тектердин скелеттүү элювийинде өөрчүйт. Бул аймак­тын ландшафты негизинен жантайыңкы шиленди түздүктөр ж-а түрдүү тектерден турган тоо кап­талдарында калыптанган каралжын конур топурак мүнөздүү. Ал ачык коңур топурактан өңүнүн каралжын болушу, чиринди горизонтунун кыйла калындыгы м-н (50-60 см) айырмаланат. Топурагынын чириндилүүлүгү 5—5,5%ке чейин жетип, топурак кыртышынын жалпы калындыгы 60—80 см, механикалык курамы б-ча орто куймалуу топурак; дүйүмчөп-бетегелүү талаа өсүмдүктөрү басымдуу. Жер бетинин өсүмдүк каптоо­су 50-70% ке жетет, орточо түшүмдүүлүгү 10-12 ц/га. Талаа ланд­шафты негизинен жазгы-күзгү жайыт катары пайдаланылат.

Орто бийик тоолуу, өскүлөң чөптүү, бадал- шалбаалуу талаа ал­кагы негизинен Фергана тоо тизмегинин түндүк-чыгыш капталында ж-а Көк-Ирим тоонун батыш бөлүгүндө, Ор-Казган, Кара- Булак капчыгайларында, Ак- Шыйрак кырка тоосунун түндүк капталдарында деңиз деңгээлинен 1900-2600 м бийиктиктерде кез­дешет. Бул ландшафттын өсүмдүктөрү Фергана тоо тизмегинин кап­талдарында жыш өсүп, текши тилкени түзсө, Ак-Шыйрак кырка тоосунун капталдары аскалуу болгондуктан, анда алкак үзүк-үзүк болуп таралган. Климаты мурдагы алкакка Караганда салкыныраак ж-а нымдуураак келет. Кышында туруктуу кар катмары жа­тат. Тоонун кара топурагы мүнөздүү; түпкү тектерин палеозой тек­тери ж-а скелеттүү делювий тек­тери түзөт. Ак-Шыйрак кырка тоосунда алар акиташ тектеринен, Фергана тоо тизмегинде сланец м-н кумдуктардын үбөлөнүп, талкаланган продуктуларынан турат. Too топурагынын морфологиялык түзүлүшүнүн мүнөздүү белгилери: үстүнкү бетиндеги 3-4 см калыңдыктагы чирип үлгүрө элек чөп катмары, чиринди горизонту ну н 45—50 смте чейин калың болушу, анын күңүрт кара түсү, майда бүртүкчөлүү дан сымал структурасы, тыгыз чымдалышы ж. б. Өтмө горизонтунун өңү каралжын боз, таштуу. Карбонаттар бул топурактарда 1 м терендикке чейин жуулган. Чириндилүүлүгү өтө жогору, 13% тен 20% ке чейин; кара топурактардын калындыгы айдоо беттерде 1-1,2 м болсо, тик беттерде — 0,5—0,6 мте чейин жукарат. Бул топурак кыртышы кылканактуу-дүйүм чөптүү өскүлөң шалбаалуу талаанын шартында пайда болот. Буудайык, аксокто, түбү бош, ат конок, чайыр чөп, кой жалбырагы, аюу чач, сары чай чөп ж. б. өсөт, о. эле ашаткыч кымыздык (таран) м-н ит мурун да арбын. Тескей беттердин этек бөлүктөрүндөгү коктулардын тамандарында ушул эле курамдагы шалбаалар ж-а ит мурун, шилби, табылгы, ыргай, карагат ж. б. бадалдардын черлери кездешет. Жер бетин өсүмдүк каптоосу 100% ке, өсүмдүктөрдүн бийиктиги 1— 1,5 жге чейин жетет; мал оттоочу чөптөрдүн түшүмдүүлүгү 8— 10 ц/ га чейин. Бул ландшафттар рельефтин шартына жараша табигый чабынды катары же бодо мал үчүн эрте жайдагы жайыт, айрым жерлери, мис., Көгирим алабы бал чарбасы үчүн пайдаланылат.

Орто ж-а бийик тоо­луу т о к о й — ш а л б а а л у у алкак Ак-Шыйрак кырка тоо­сунун күнгөй капталдарынан тышкары бардык тоо капталдарында деңиз деңгээлинен 2500-3000 м бийиктиктерде кездешет. Бул би­йиктиктерде тоо капталдары капчыгайлар м-н терең тилмеленип, тик капталдуу келет да, айдөш капталдар, жондор өтө аз аянтты ээлейт. Шалбаалар м-н токойлор негизинен ным жетишерлик шарттарда өсөт. Шалбаалар Молдо-Тоо м-н Кек-Ирим тоосунун түштүк капталдарынын күнгөй экспозициялуу беттеринде, тайпаң жондордо кездешет; көп учурда алар капчыгайлардын чыгыш же батыш экспозициялуу беттеринде тарал­ган. Ал эми токойлор нымы жетиштүү тескей беттерде чакан аянттарды ээлейт. Шалбаа өсүмдүктөрү Фергана, Көк-Ирим кырка тоолорунда туташ тилкени түзсө, Молдо-Тоо, Ак-Шыйрактын түндүк капталдарында токойлор м-н айкалыш өсөт. Алкактын кли­маты катаалыраак ж-а нымдуу келет. Жайы салкын ж-а кыска, кышы суук ж-а кардуу, узакка созулат. Топурак кыртышы палео­зой тектеринин талкаланып, үбөлөнгөн аллювий же делювийинде жатып, профили өтө жука ж-а таштак. Кабак-Тоо, Молдо- Тоо ж-а Ак-Шыйрак кырка тоолорунда алар акиташ тегинин үбөлөнүүсүнөн пайда болуп, карбонаттуу келет, ал эми Фергана тоо тизмегинде сланецтердин, алевролиттердин, кумдуктардын үбөлөнүүсүнөн жаралып, аз карбонаттуу болот.

Шалбааларга кара топурак сы­мал тоо шалбаа топурагы мүнөздүү. Топурактын үстүн 5 см калындыктагы чала чириген катмар жаап жатат. Чириндинин калыңдыгы 50—60 см, ал эки горизонтчодон турат. Үстүнкү (At) чымдуу горизонтчосу дээрлик кара түстө болуп, структурасы майда дан сымал-бүртүкчөлүү келет, өсүмдүктөрдүн тамырына жыш чырмалгандыгына карабастан борпоң, сөөлжандар арбын. Чымдын астындагы горизонтчо (А2) күңүрт каралжын түстө, структурасы бүртүкчөлүүдан сымал, карбонаттардан таза жуулган. Өтмө го­ризонт (В) 40-50 см калындыкта, каралжын бозомук түстө, кесектүү структурада, механикалык курамы б-ча оор топурак. Акиташ тектүү аймактарда бул топурактардын В горизонту (өзгөчө анын төмөнкү бөлүгү) карбонаттуу ж-а скелеттүү келет, ал эми карбонатсыз тектерде ал горизонт карбонаттардан тегиз жуулган, ошондуктан аларды жуулган кара топурактар деп атайт. Мындай топурактар калың ж-а бийик өскөн шалбаанын астында өөрчүйт. Ай­рым илимпоздор бул алкактын өсүмдүктөрүнүн ботаникалык курамына карай «субальп шалбаасы» деп да атайт. Дүйүм чөптөр, өзгөчө каз таман, тогуз төбөл, тоо шимүүрү сыяктуу чөп өсүмдүктөрү басымдуулук кылат.

Жаныбарлар дүйнөсү. Тогуз- Торо өрөөнү айбанаттарга ж-а алардын түрлөрүнө бай. Жаныбарлардын курамында сүт эмүүчүлөр, канаттуулар, кемирүүчүлөр, сойлоп жүрүүчүлөр, курт-кумурскалар ж. б. топтордун өкүлдөрү бар. Өрөөндө жаныбарлардын Кыргызстанда таралган түрлөрүнүн дээрлик бардыгы кездешет. Жаныбарлардын таралышы бийиктик алкактуулук закон ченемдүүлүгүнө, б. а. ландшафттын таралышына байланыштуу.

Жарым чөлдүү ж-а кургак талааны мекендеген жаныбарлар не­гизинен кескелдириктер (жайдак көз, кескек, ала-була кескелдирик), жыландар (ок жылан, кал­кан тумшук), канаттуулар (таранчы, торгой, көк куйрук, кара боор, көк теке) ж. б. Сүт эмүүчүлөрдөн коён, суусар, кемирүүчүлөрдөн — ачкүзөндөр, кошояк ж. б. кезде­шет. Суу боюндагы бадалдарда ж-а токойлордо суу жылан, бактек, кош куйрук, борбаш, булбул, корголдой, ак баш, токой үкүсү, кыргоол, үй чычкан, арс чычкан, жарганат, түркстан келемиши, түлкү ж. б. кездешет.

Талаа ландшафттарында кескелдирик, кадимки калкан тум­шук, кара чаар жылан, таранчы, эр сынар, кызыл теш чымчык, кекилик, жагалмай, суур, момолой, делдең кулак, коён, түлкү, кашкулак ж. б. кездешет.

Too капталдарынын субальп шалбааларын ж-а шалбалуу талаа тилкелерин кескелдириктер, кал­кан ту штук жылан, ителги, эчки маарак, саз кулалы, ак баш чыйпылдак, жылкычы чымчык, куч- кач, эр сынар, чабалекей, чымчык, жагалмай, арча момолою, кашку­лак, карышкыр, сары чычкан ж. б. мекендейт.

Бийик тоолуу альп шалбааларында ителги, эчки маарак, ак баш чыйпылдак, тоо дүмбүлү, жылкычы кучкач, чөлдөгү чым­чык, жут кызыл чыйпылдак, арс чычкан, булбул, бактек, чил, чоор тарпылдак, кызыл куйрук, кара койчу, кыргоол, коён, токой чычканы, үй чычканы, момолой, мадыл, суусар кездешет.

Карагай токойлорун чөкө таан, арчалы, балта тумшук, эчки маа­рак, чоң бактек, кузгун, кара кар­га, чаар ж-а боз тарпылдак, кор­голдой, кызыл боор, чыйпылдак чымчык, чулдук, сагызган, жагал­май, тыйын чычкан, карышкыр, коён, элик, аюу, каман, сүлөөсүн ж. б. кездешет. Арча токойдун жаныбарларына кара кескелдирик, жайдак көз, кадимки калкан тумшук, көк жору, кузгун, кара карга, алагүү, чаар ж-а боз тар­пылдак, турумтай, кептер, токой көгүчкөнү, сүлөөсүн, кашкулак, элик ж. б. кирет.

Жылаңач аскалуу бийик тоолордо сары тумшук, ала канат кызыл куйрук, альп көк шалкысы, гималай мукуру, улар, көк жору, балта жутар, илбирс, тоо эчки ж. б. кездешет.

КРдин кызыл китебиндеги ак тырмактуу теңир тоо күрөң аюусу, азайып бараткан тоо эчки, элик, кекиликтер байырлаган.

Комментирование запрещено