Администрациясы

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы

Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрациясы – райондук мамлекеттик бийлик органы. 1992-жылы уюшулган. Админисрация өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясынын,  мыйзамдарынын, Кыргыз Республикасынын Указдары менен буйруктарынын, Өкмөтүн токтомдорунун, Жогорку Кеңештин чечимдеринин негизинде иш жургүзөт жана Кыргыз Республиканын  Президентине, Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө  отчет берет.  Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрацисын администрация  башчысы-аким жетектейт.

Райондук мамлекеттик администрациясы эки (социалдык-маданий маселелер жана жалпы) бөлүмдөн туруп, жалпы 14 мамлекеттик кызматкер эмгектенет.

Алгач 1935-1992- жылдары  Партиянын Тогуз-Торо райондук комитети, 1992-жылдан  баштап Тогуз-Торо райондук мамлекеттик-администрациясы деп аталган.

Кыргызстан компартиясынын  Тогуз-торо райондук комитетинин 1-секретарлары: И.Авизаров  (1935-1936-жж),  Ж.Шадыманов (1936-1937-ж.ж), Т.Абдыжалипов (1937-1938-жж), А.Көккозов (1938-1939-жж), А.Бошкоев (1939-1940-жж), А.Абылбеков (1941-1943-жж), С.Айдаралиев  (1943-1948-жж), К.Саралаев (1948-1950-жж), Т.Акунов (1950-1952-жж), А.Арыков (1952-1954-жж), К.Турсунов (1954-1956-жж), Р.Абдиев (1956-1959-жж). К.Шаменалиев (1959-1960-жж), Т.Эдилбаева (1960-1962-жж), Ж.Жакыпов (1962-1963-жж), К.Акназаров— Ак-Талаа району менен бирге (1963-1966-жж), М.Турдалиев  (1966-1970-жж), К.Жыргалбеков (1970-1972-жж), И.Суваналиев (1972-1978-жж), К.Абдразаков (1978-1980-жж), К.Байгазиев (1980-1982-жж), К.Калназаров  (1982-1986-жж, К.Курманалиев (1986-1988-жж), Ө.Мамбеталиев (1988-1990-жж), С.Көчөрбаев (1990-1991-жж), М.Эпеев (1991-ж).

Райондук мамлекеттик администрация башчысы-акимдер: К.С.Бакиев (1992-1994-жж), Н.Абылов (1994-1997-жж), К.Тилекеев (1997-2000-жж), Д.Кенжебаев (2000-2005-жж),    Ө.Шаршеналиев (2003-2004-жж), Б.Бектенов  (2004-2005-жж), Т.Өмүрбек теги (2005-2009-жж), Д.Тагайбек уулу (2009-2010-жж), С.Абдылдаев (2010-2011-жж), Б.Иманбердиев (2011-2012-жж), Т.Идирисов (2012-ж)

Дареги

Жалал-Абад  облусу, Тогуз-Торо району, Казарман айылы, Тоголок Молдо  көчөсү 53

Почталык индекси: 721500

Байланыш телефону: 0373850001

Факс: 0373850004

Электрондук дареги: toguz_torouskiyi_gosadmin@okmot.kg

Картасы

Комментирование запрещено